Сүлүктү шаарынын мэриясы кадрлар резервине киргизүү үчүн АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ
03.06.2024
Кароолор: (139)
Акыркы күн
Квалификациялык талаптар
Cүлүктү шаарынын мэриясы адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн
- юридикалык же укук таануу багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билим;
- иш стажына талап коюлбайт;
Негизги мыйзамдар:
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- - КР Эмгек кодекси;
- - КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;
- - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- - КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- - КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
- - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
- - Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
Билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- - Жеке арыз;
- - Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- - Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- - Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- - Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- - Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- - Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди 2024-жылдын 17-июнуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.