,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНДЫ

Кароолор: (334)


Акыркы күн  
Квалификациялык талаптар  

Cүлүктү шаарынын мэриясы улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы эмгек стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

3. КР “ Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзам;

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

8. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы

2. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

- жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

иш стажына талаптар коюлбайт.

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

- КР Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси

3.  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы

4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;

6. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзам;

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

 Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

- жеке арыз;

- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен)

- Негизги жана кошумча билимин (эгер бар болсо) тастыктаган документтер - дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан ырасталган);

- Илимий даражаны жана илимий наамды (эгер бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан ырасталган;

- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;

- Паспорттун көчүрмөсү;

 Документтерди 2025-жылдын 3-март саат 18:00 чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. 

Дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көч №1, 2-кабат, телефон: 0 3653 5 00 03

 

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.