КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ
03.09.2024
Кароолор: (256)
Акыркы күн
Квалификациялык талаптар
Cүлүктү шаарынын мэриясы улук административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы эмгек стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тармактагы мыйзамдар:
1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
2. КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
4. КР “Саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы;
5. Жер кодекси;
6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
7. “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам;
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- - Жеке арыз;
- - Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- - Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- - Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- - Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди 2024-жылдын 16-сентябрына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.