Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
18.07.2024
Кароолор: (128)
Акыркы күн
Квалификациялык талаптар
Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы (8-август 2012-ж.;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тармактагы мыйзамдар:
- КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
- КР Жер кодекси;
- КР Турак жай кодекси
- “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
- “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
-Жеке арыз;
-Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
-Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
-Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди 2024-жылдын 1-августуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.