Жаңылыктар
13.03.2025
Кароолор (48)
ЖАШТАР ҮЧҮН МАЙРАМДЫК ШОУ-КОНЦЕРТ УЮШТУРУЛДУ
Сүлүктү шаарында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жаштар үчүн чоң майрамдык шоу-концерт уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы №562 токтому менен бекитилген 2020–2030-жылдарга Жаштар саясатын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” 2021-жылдын 29-январындагы жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.
Концерттик программа Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бабаевна Саттаркулованын жетекчилиги алдында маданият сарайынын кызматкерлери жана жаш таланттардын катышуусунда уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды колдоо, алардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана коомдо ынтымакты, биримдикти бекемдөө болду.
Шоу-концертте жаш аткаруучулар мекенчил ырларды созуп, жандуу бийлерди тартуулап, патриоттук рухтагы программасы менен элдин купулуна толду. Иш-чара көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, катышуучулар зор шыктануулар менен алкоолорго бөлөнүштү.
Бул сыяктуу маданий иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, алардын чыгармачылыгын колдоодо жана руханий баалуулуктарды жайылтууда чоң мааниге ээ экени талашсыз.




