Сүлүктү шаарынын мэринин орун басарын Полотов Алмазбек Адылбекович тарабынан 2025-жылдын 7-11-февральдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракетенүүсүн бекитүү жөнүндө” №255 негизинде Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24-июнундагы №38 токтомунун аткарылуусу жана Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча жыйналыш өткөрүлдү. Жыйналышта шаар жаштарынын сунуштары менен ойлору угулуп, 2025-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралар планы жана шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, шаар тазалыгы жана башка көйгөйлөр боюнча пикир алышты.