,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

14.01.2026

Кароолор (30)

Жарандарды өздүк маселеси менен кабыл алуу күндөрү жөнүндө

Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары! 

Эгерде Сизге Сүлүктү шаарынын мэриясына кайрылууңуз болсо, электрондук дарегине кат аркылуу же 0(3653) 5-00-04 ишеним телефонуна чалуу менен кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле sulukta_mayor@mail.ru электрондук дарегине электрондук түрдө кайрылсаңыздар болот. Сиздин арыз автоматтык түрдө катталып, кароого алынат.

Ал үчүн сиз аталган дарекке кирип, “Кайрылуу берүүнүн эрежелери” пункттары менен таанышкан соң, “Кайрылуу” деген бөлүгүнө кирип табыштаманы Сизге Сүлүктү шаарынын мэринин кабылдамасынын кызматкерлери жооп берет.

Аны менен катар Сүлүктү шаарынын мэриясынын www.suluktu.gov.kg расмий сайты аркылуу, мекеменин имаратында илинген QR-кодду сканерлоо аркылуу “жарандардын кайрылуусу” пункту аркылуу кайтарым байланыш алсаңыздар болот.

Ал эми, оозеки же жазуу түрүндө, же жетекчиликке жолугуп кайрылууну график боюнча мэриянын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыздар болот.

Дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү № 1, экинчи кабат. Сүлүктү шаарынын мэриясы.

 

 

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

sulukta_mayor@mail.ru

0 3653 50008