Жаңылыктар
02.04.2026
Кароолор (6)
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жааматынын уставынын долбоору КООМДУК ТАЛКУУ
Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоору коомдук талкууга жарыяланат. Уставдын долбоору менен таанышып чыгып, ой-пикир, сунуштар болсо 2026-жылдын 17-апрелине чейин sulukta_mayor@mail.ru электрондук дарегине "Устав боюнча сунуш" аттуу теманы көрсөтүү менен же болбосо Сүлүктү шаарынын мэриясынын дареги - Сүлүктү шаары,И.Раззаков көчөсү №1 дарегине почта аркылуу жиберүүгө мүмкүндүгү маалымдалат.
Сүлүктү шаарынын
жергиликтүү жамаатынын
УСТАВЫ
Биз, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
- Жалпы жоболор
1.1. Шаардын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Сүлүктү шаарында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат - шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана шаардык кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Шаардын территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Шаардын территориясы төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
- Сүлүктү шаары;
- Кольцо айылы;
4. Жергиликтүү жамаат
4.1. Жергиликтүү жамаатты Сүлүктү шаарында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат, улуттук, тарыхий, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, шаардык кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү жаматтагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, шаардын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
- шайлоолордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөгө катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат суроолору менен кайрылуу, мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, маалымат алуу;
- коомдук иш-чараларга, шаардык жыйындарга, коомдук угуулардын, шаардыккенештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
- башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
- ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
- Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
- башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
- дискриминацияга жол бербөө;
- этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
- жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоо;
- санитардык эрежелерди сактоо;
- жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо.
- мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
- турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоо;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
- үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын жамааттар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү Конституцияда белгиленген.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан өкүлчүлүктүү (шаардык кеңештер) жана аткаруу органдары (шаардын мэриясы) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши, Сүлүктү шаарынын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаардык кеңеш/мэрия) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу.
8.3. Сүлүктү шаарынын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, шаардык кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Шаардык кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул шаардын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.
9.2 Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.
- Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:
- жыйындар (чогулуштар);
- коомдук угуулар;
- ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн жана белгиленген тартипте аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.
11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жараша кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана шаардык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында, анын ичинде Сүлүктү шаарында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
12.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген шаардык кеңештин токтомунун долбоорлору шаардык кеӊешке киргизилбейт.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Шаардык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаарда жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизет.
Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны учурдагы жылдын 1-январына карата Сүлүктү шаарынын калкынын санына ылайык белгиленет жана калктын саны 20001ден жана андан жогору болгон учурда 1000 адамды түзөт.
13.3. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
- токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- маалымкат-негиздеме;
- шаардык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, шаардык кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана шаардык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
13.5. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14. Элдик жыйын (чогулушту)
14.1. Элдик жыйын (чогулуш) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирлерин эске алуу, Сүлүктү шаарынын мэринин жана шаардык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында өткөрүлөт.
14.2. Элдик жыйын (чогулуш) бир көчөнүн, кварталдын же айылдын жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш) ачык-айкын өткөрүлөт. Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет, жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш) өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15. Элдик жыйында (чогулуш) каралуучу маселелер
15.1. Элдик жыйында (чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
- жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
- аймакты өнүктүрүү программалары жана пландары (социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы ж.б.);
- Шаардын, көчөнүн, кварталдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
- этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана алдын алуу иштери;
- муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
- коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнча сунуштар;
- көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
- курулуш, архитектура жана башкы план маселелери;
- элдик демилгелер;
- мэрдин жана шаардык кеңештин депутаттарынын отчеттору;
- административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнча маселелер;
- жергиликтүү жамааттын жашоосуна байланышкан башка маселелер.
16. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйын (чогулуштар) шаардын мэринин, шаардык кеңештин, депутаттардын же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
16.4. Демилге жазуу жүзүндө шаардын мэрине же шаардык кеңештин төрагасына берилет.
17. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
18.3. Шаардын мэриясы жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин келүүсүн, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, шаардык кеңешке өткөрүлөт.
19.5. Шаардык кеңеш кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.
20. Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар - жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, шаардык кеңеш) демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.
20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, шаардык кеңеш) ишин жакшыртууга багытталат.
20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү жамааттын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП, ж.б.);
- муниципалдык менчикти башкаруу;
- коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.
20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү шаардын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
21. Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби
21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.
21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.
21.4. Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мэрия, шаардык кеңеш) тарабынан эске алынат.
21.5. Шаардын мэриясы коомдук угунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди
чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаардын мэриясы жана шаардык кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2. Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- мэриянын аппаратынын кызматкерлери.
23. Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:
- Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
- Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын, салттын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
- Ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
- Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:
- Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан айыл же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
- Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.
- Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп, тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.
- Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:
- Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишке ашыруусу татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү бийликтин түз компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чаралары колдонулат:
- эскертүү;
- Эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштери жамааттын кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.
23.3. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери:
- Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
- Ар бир кожолук малын, ит-мышыгын өз убагында каттоодон өткөрүп, ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.
- Мал ээлери малын мэрия белгилеген жайыттарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө гана жаюуга тийиш.
- Жаныбарларды көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда жана эс алуу жайларында бош багууга тыюу салынат. Ит-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
- Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе, эскертүү берилет.
- Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга, белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойт. Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
23.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери:
- Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
- Жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, таштанды жайлары, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, лифттер, чердак, подвал, үйдүн айланасы, көлмөлөр жана пляждар кирет.
- Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
- Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
- Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
- Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюуга уруксат берилиши мүмкүн.
- Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.
23.5. Калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
- Ичүүчү сууну колдонуу “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо Сүлүктү шаарында “Сүлүктү-Тазасууканал”муниципалдык ишканасы тарабынан келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү:
- суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, сактоого жана тоңуудан коргоого;
- керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
- Суунун сапаты кооптуу болсо, тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
- Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан ыйгарым укуктун алкагында салынат.
23.6. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы
иш-чараларга катышуу эрежелери:
- Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
- Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер) жана спорттук иш-чаралар кирет.
- Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде мэрия менен макулдашылып, алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат. Зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
- Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайты, социалдык тармактагы расмий баракчалар, WhatsApp топтору жана башка жолдор менен жамаатка жеткирилет.
- Ишембиликтер жана эмгек акциялары – жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти күчөтөт.
- Жамаат мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү. Катышууга мүмкүн болбосо, үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.7. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуу эрежелери:
- Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуу жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү бийлик менен бирге коомдук тартипти сактоого катышат.
- Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10–15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
- Шаардык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштер органдары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрүп, күбөлүк жана айырмалоочу белги менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
- Элдик дружина патрулдук маршруттарды жана графикти түзөт: жайкысын – дем алыш күндөрү, чукул кырдаалда – күн сайын.
- Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менен тыгыз иштеп, коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турат.
23.8. Жергиликтүү жамаатта адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
- Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо – жамаатта ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөө.
- Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
- Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
- Жылына бир жолу же юбилейдик датага ылайык “Шаар күнү” өткөрүлүп, жетишкендиктер, жалпы жамаат мүчөлөрү менен белгиленет.
- Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат
23.9. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
- Жамаат баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салтка ылайык, заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет. Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
- Мыйзамдарды жана башка аракеттеги ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, салтанаттын убактысы, орду, узактыгы, катышуучулардын саны, автоунаалар, союлуучу мал жана белектер боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан аныкталат.
23.10. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
- Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып, ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.
- Мыйзамдарды жана башка аракеттеги ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн бул иш-чаралардын убактысы, орду, узактыгы, союлуучу малдын саны, белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.11. Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
- Жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
- Чыр-чатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да, оң (көйгөйдү чечүүгө жардам берген) мүнөздө да болот.
- Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса, аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко шаардык кеңештин, мэриянын, аксакалдар сотунун, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
- Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт. Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип, улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо, жаңы калыс топ түзүлүп, маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
23.12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
- Отчет угуу убактысы жамаат (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана элге кабарланат.
- Отчетторго жамааттын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.13. Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:
- Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
- Ушул Уставга жана катышуучу жамааттардын уставдарына, ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
27. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
Фондду түзүү жана каржылоо:
- Жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө белгиленген өлчөмүндө өздөрүнө салык салып, фондго салым кошушат.
- Бул маселе жамааттын чогулуштарында, квартал, көчө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жыйналыштарында талкууланып чечилет.
Кошумча салымдар:
- Фондго жамааттын мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да салым кошо алышат.
Каттоо:
- Фонд «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм болуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, мыйзамга ылайык иштейт.
Фонддун каражаттарын колдонуу:
- Каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Долбоорлор ар түрдүү багытта болушу мүмкүн:
- Ишкерчилик (Бизнес-Инкубатор);
- өнөр жана кесипке үйрөтүү;
- адеп-ахлактык тарбиялоо.
Долбоорлорду тандоо жана каржылоо:
- Конкурстук комиссия (абройлуу адистер жана шаардык кеңештин депутаттары) долбоорлорду карайт.
- Жактырган долбоорлор фонд тарабынан каржыланат.
24. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү жүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
- кызматтарды жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүн шаардык кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4. Жумушчу топтордун курамына шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коом жана жергиликтүү жамааттынн мүчөлөрү кире алат. Курамы мэр же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
- маалыматтарды жана документтерди талдоого;
- сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
- долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
- сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн жыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланат жана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги.
25.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
26.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
26.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
27. Жергиликтүү бюджет
27.1. Жергиликтүү бюджет – шаардык кеңеш тарабынан бекитилет жана мэрия тарабынан аткарылат.
27.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
27.4. Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
28. Сыйлоо чаралары
28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
- Жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;
- Кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
- Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;
- Жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү:
- Алкыш жарыялоо;
- Баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар;
- Ардактуу наамдар:
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”;
- Шаардын ардактуу атуулу”;
- Ардак тактага илүү, Ардак китепчесине киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо: жашоочулар чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, шаардын мэриясы, мамлекеттик органдардын шаардагы аймактык башкармалыктары (бөлүмдөрү), шаардык кеңештин депутаттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
- “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” – эң жогорку наам болуп саналат жана шаардын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
28.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
28.2. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби мэриянын жана/же шаардык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
29. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
30.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамааттын мүчөлөрүнүн же шаардык кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
30.2. Устав белгиленген тартипте шаардык кеңеште милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.