,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

25.02.2025

Кароолор (27)

«СЕН МЫКТЫСЫҢ!»: НАРИСТЕЛЕРДИН ТАЛАНТ МАЙРАМЫ

2025-жылдын 25-февралында «Наристе» балдар бакчасында «Сен мыктысың!» аттуу теле шоу форматындагы иш-чара уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты — бөбөктөрдүн өнөрүн ачып, алардын талантын көпчүлүккө көрсөтүү болду.

Иш-чарага шаар мэри Болот Абдыжапаров, Татарстандан келген жердешибиз Равиль Миннезухин, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер катышып, кичинекей таланттарга колдоо көрсөтүштү. Бөбөктөр коноктордун алдында ырдап, бийлеп, көркөм окуу окушуп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, ар кандай өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучуларга «Сен мыктысың!» медалдары тагылып, таттуу толтурулган баштыктар тапшырылды. Жаш таланттар үчүн зор шыктандыруучу бул иш-чара алардын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырып, келечекте дагы чоң ийгиликтерге жол ачары талашсыз.