,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

12.03.2025

Кароолор (54)

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА САРМЕРДЕН ӨТТҮ

2025-жылдын 6-мартында Сүлүктү шаарынын Балдар көмөкчү интернатында улуттук каада-салттарды даңазалаган “Кыз-жигит сармерден” оюну болуп өттү. Иш-чарага Сүлүктү шаардык мэриясынын башкы адиси Гүлмайрам Эрназарова, Балдар көмөкчү интернатынын мүдүрү Рабия Джураева жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Сармердендин жүрүшүндө окуучулар таамай кептерди айтып, акыйнек айтышып, улуттук үрп-адаттарды сахналаштырылган көрүнүштөр аркылуу чагылдырышты. Ошондой эле, табышмактуу суроолор берилди, тапкычтык менен чечендик сыналды. Иш-чаранын көркүн ачкан улуттук ыр-бийлер жана элдик оюндар көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.

Маданий баалуулуктарды даңазалаган бул оюн окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин маданий мурасын жайылтууга чоң салым кошту.