Жаңылыктар
10.03.2025
Кароолор (32)
Материалдык жардам көрсөтүү
Сүлүктү шаарынын мэри шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич тарабынан 2024-жылдын 17-декабрында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жеке демилгеси менен шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына жана мектепке чейинки мекемелеринин тарбиялануучуларына, атап айтканда турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлө балдарына жана бирөөнүн карамагындагы жалпы 2000 дей балдарга кийим кече таркатты. Шаар жетекчисинин кийим алган ата-энелер, чоң ата жана чоң энелер шаар жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.