,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

13.03.2025

Кароолор (30)

КЫЛЫМГА АТЫ ДАЛ КЕЛГЕН - КЫЗЫКТУУ ОЮН САРМЕРДЕН!

2025-жылдын 27-февралында Сүлүктү шаарындагы Маданият сарайында мекенчилдик жана улуттук баалуулуктарды даңазалаган маданий иш-чара болуп өттү. «Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына», «23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» жана «21-февраль – Эне тил күнүнө» карата чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн жигиттери менен БатМУнун А.А. Машрабов атындагы СГЭИнин студент кыздары салттуу “Кыз-жигит сармерден” оюнунда жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар таамай кептерди айтып, табышмактуу суроолорду узатып, тапкычтыгын жана чечендигин сынашты. Сармердендин ажарын ачкан улуттук ыр-бийлер, комуз күүлөрү жана элдик оюндар көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.

Таймаштын соңунда шаар мэри Болот Абдыжапаров, Бөрү 2051-аскер бөлүгүнүн командири, полковник Улукбек Жоошбеков, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун директору Шааргуль Эржигитова сөз сүйлөп, бул сыяктуу иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке, биримдикке жана маданий мурастарды сактоого шыктандырарын белгилешти.