,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

05.08.2025

Кароолор (85)

КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Cүлүктү шаарынын мэриясы кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн :

- жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

иш стажына талаптар коюлбайт.

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

            - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

            - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Тармактагы мыйзамдар:

            1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы

            2. КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

            3. КР “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамы;

            4. КР “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

            5. КР “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;

            6. КР “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы.

 

 Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

- жеке арыз;

- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- Билимин тастыктаган документтер - дипломдун көчүрмөсү, билимин тастыктаган башка кошумча документтер (эгерде бар болсо);

- Илимий даражаны жана илимий наамды (эгер бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- Паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтерди 2025-жылдын 16-августу саат 18:00 чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. 

 

Дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көч №1, 2-кабат, телефон: 0 3653 5 00 03

 

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.