Жаңылыктар
20.05.2024
Кароолор (92)
КААДА-САЛТТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ФОРУМ ӨТТҮ
Сүлүктү шаарынын маданият сарайында БатМУ нин Педагогика жана Коммуникациялар колледжи шаардык мэрия менен биргеликте уюштурган “Каада-салт – элдик тарбиянын тамыры” аталышындагы форум болуп өттү. Маданий иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары Мирланбек Айтматов, прокурор Нурдан Өмүралиев, Кош – Булак айыл аймагынын башчысы Абдували Мусаев, СГЭИнин директору Айипбек Камбаров, №73-кесиптик лицейинин өкүлү Элнура Шакирова, ардагерлер кеңешинин төрагасы Ысмайыл Эралиев жана башкалар катышышты.
Алгач келген коноктор кыргыз элининин каада-салтын, күнүмдүк турмушун чагылдырган көргөзмөлөргө күбө болушту. Андан соң форумдун расмий бөлүгүн мэрдин орун басары Мирланбек Айтматов сөз сүйлөп, ачып берди.
Иш чаранын алкагында Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ысмайыл Эралиев "Каада - салт - элдин уңгусу" аттуу баяндамасын окуп берди. Аны улай, унутта калган үрп-адаттар, алардын бүгүнкү күндөгү абалы, келечеги тууралуу ой-пикирлер айтылды.
Форумдун соңунда БатМУ ПжК колледжинин директору Руслан Жайнаков "Улуттук нарк - насили жана келечеги" аттуу баяндамасы менен жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, келген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.