,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

14.03.2025

Кароолор (51)

«ИФТАР БАЗАРЫ» УЮШТУРУЛДУ

Ыйык Рамазан айынын урматына, 7-март күнү Сүлүктү шаарынын борбордук мечитинин алдында Ифтар базары уюштурулду. 

Бул саамалык Сүлүктү шаардык мэриясы жана «Этно Плюс» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Ифтар базарында шаар тургундары үчүн түркүн даамдар, азык-түлүк, дан өсүмдүктөрү жана мөмө-жемиштер сунушталып, көпчүлүк өздөрү жана жакындары үчүн керектүү азыктарды алып кетишти. Ошондой эле, бул иш-чара сооптуу ишке аралашууга, Рамазан айынын берекесин бирге сезүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Ифтар базары ар жума күнү саат 13:00дө уюштурулуп, шаар тургундарына даамдуу тамак-аштар жана ооз ачууга керектүү азыктарды сунуштайт. Шаар жетекчилиги жана уюштуруучулар бардык жашоочуларды бул саамалыкка чакырат.