,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Жаңылыктар

26.05.2025

Кароолор (99)

БЕКТЕМИРОВ МЕКТЕБИНДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО ЖАНА ЗАМАНБАП IT МЕКТЕПТИН КАПСУЛА САЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

2025-жылдын 26-май күнү И. Бектемиров атындагы №8 орто мектебинде өзгөчө маанилүү жана тарыхый салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Миргүл Темирбаева, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, шаардык кеңештин төрагасы Бактыбек Абдуназаров баш болгон коноктор катышты.

Салтанатта 2024–2025-окуу жылынын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо жаңырып, жаш жеткинчектер үчүн чоң дүйнөгө жол ачылды. Бул маанилүү күндө жашоонун жаңы баскычына кадам таштаган бүтүрүүчүлөргө, мектеп босогосун жаңыдан аттаган бөбөктөргө жана өз мезгилинде ушул мектепти аяктап, 10 жана 20 жылдык мааракелерге келген бүтүрүүчүлөргө жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Иш-чаранын алкагында ардактуу коноктор мектеп жамаатына жана окуучуларга ардак грамоталарды тапшырышып, билим жолундагы ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле заман талабына жооп берген, жаңы курула турган ID мектептин пайдубалына капсула салуу аземи да өтүп, ал мектеп тарыхында чоң жаңылык катары орун алды.

Ошондой эле акыркы коңгуроо аземи шаарыбыздагы бардык мектептерде салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү улук максаттарга умтулуу жолунда мектеп менен кош айтышты.

Возможно, это изображение 5 человек, ребенок и текст
Возможно, это изображение 5 человек

 

Возможно, это изображение 9 человек и текст

 

Возможно, это изображение 4 человека и текст

 

Возможно, это изображение 6 человек и текст

 

Возможно, это изображение 1 человек, ребенок и текст
Возможно, это изображение 6 человек и текст