,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Муниципалдык кызматтар

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 20-октябры № 123

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

45-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы

1. Шаардын мэриясы:

1) шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;

2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;

4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;

8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;

9) шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;

12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;

13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;

14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.