ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЗАЙТУУ — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ
31.03.2026
Кароолор: (16)
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЗАЙТУУ — АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МИЛДЕТ
Сүлүктү шаарында прокуратуранын демилгеси менен укук коргоо жана мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволор аралык жыйын өттү. Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич, прокурор Данапияев Элизбар Толомушович жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда үй ичиндеги зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуу көрүнүштөрүн кыскартуу жана алардын укуктарын камсыз кылуу маселелери кеңири каралды.
Талкуу маалында учурдагы жагдай анализденип, терс көрүнүштөрдүн себептери менен шарттары аныкталды. Катышуучулар көйгөйлөрдү жоюу үчүн профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара байланышын жакшыртуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу боюнча сунуштарын билдиришти.
Айрыкча жашы жете элек жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Кооптуу топко кирген үй-бүлөлөр менен максаттуу иш алып баруу, билим берүү мекемелеринин жана социалдык кызматтардын ролун арттыруу негизги багыттардын бири катары көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга так тапшырмалар жүктөлдү. Ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу жана бул тармактагы иштерди туруктуу көзөмөлдө кармоо зарылдыгы баса белгиленди.