СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
18.02.2026
Кароолор: (15)
СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
2026-жылдын 18-февралында Сүлүктү шаарынын мэриясынын жыйындар залында координациялык кеңешменин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамын, 2021–2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты, 2018–2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2022–2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Жыйында аймактагы коомдук-саясий жана диний кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана чыр-чатактардын алдын алуу маселелери каралды.
Кеңешмеге шаар мэринин орун басары Алмазбек Полотов, шаар прокурору Элизбар Данапияев, Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шамшиев Шабдан, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, УКМК кызматкерлери, мэрия аппаратынын кызматкерлери, имам-хатиб Нурсултан Абдукаров жана шаар мечиттеринин имамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле Сүлүктү шаарынын жалпы даарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Асат Ибрагимов баштаган медицина кызматкерлери катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды;
• калк арасында мамлекеттик саясатты түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
• радикализмдин, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу;
• диний сабаттуулукту жогорулатуу жана толеранттуулукту бекемдөө;
• коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.
Имам-хатиб Нурсултан Абдукаров жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлү Асат Ибрагимов коомчулук арасында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык-түшүндүрүү иштери боюнча маалымат беришти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасы тууралуу баяндама жасалды.
Жыйындын жыйынтыгында коомдук туруктуулукту сактоо, диний сабаттуулукту жогорулатуу, экстремизмдин алдын алуу жана коррупцияга каршы маалыматтык иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.