,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Психолог менен жолугушуу

Кароолор: (118)

Баткен Мамлекеттик Университетинин Сүлүктү гуманитардык экономикалык инсти-тутунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Эржигитова Шааргуль Жамалидиновна жетектеген окуу жайынын тарых факультетинин 3 студенткасы Назирова Каринанын “Аял затын колоо”-деген үч айлык долбоорунун негизинде шаардагы турмуш шарты оор аялдар үчүн “Психологдор менен жолугушуу”-деген темадагы семинар шаардагы “Этно плюс” коомдук бирикмесинин офисинде өткөрүлдү.

            Семинарга мэрдин орун басары Полотов Алмазбек Адылбекович, Баткен шаарынан долбоордун өкүлү Муратов Айбек, шаардын башкы имам хатиби Абдыкааров Нурсултан, шаардык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич, шаардагы эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын директору Каримов Алмазбек Абдимухтарович, менен окуу жайдын окутуучулар менен жаштар-студенттер жаматтары жана турмуш шарты оор аялдар   катышышты.

Семинар эки бөлүктө өттү, семинардын биринчи бөлүгүндө долбоор боюнча маалыматтар берилип, экинчи бөлүгүндө семинарга катышкан аялдар үчүн окуу жайдын психологу Садыков Мухамед Шералиевич менен жекече жолугушуу уюштурулду.