Жарандарды кабыл алуу күнү жөнүндө
25.04.2025
Кароолор: (63)
Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары!
Эгерде Сизге Сүлүктү шаарынын мэриясына кайрылууңуз болсо, электрондук дарегине кат аркылуу же 0(3653) 5-00-04 ишеним телефонуна чалуу менен кайрылсаңыздар болот.
Ошондой эле sulukta_mayor@mail.ru жарандардын электрондук кайрылуулары аркылуу кайрылсаңыз болот. Сиздин арыз автоматтык түрдө катталып, кароого алынат.
Ал үчүн сиз аталган дарекке кирип, “Кайрылуу берүүнүн эрежелери” пункттары менен таанышкан соң, “Кайрылуу” деген бөлүгүнө кирип табыштаманы Сизге Сүлүктү шаарынын мэринин кабылдамасынын кызматкерлери жооп берет.
Аны менен катар Сүлүктү шаарынын мэриясынын www.suluktu.gov.kg расмий сайты аркылуу, “жарандардын кайрылуусу” пункту аркылуу кайтарым байланыш алсаңыздар болот.
Ал эми, оозеки же жазуу түрүндө, же жетекчиликке жолугуп кайрылууну график боюнча мэриянын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыздар болот.
Дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү № 1, экинчи кабат. Сүлүктү шаарынын мэриясы.
Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич - Сүлүктү шаарынын мэри
Дүйшөмбү, саат 14:00-18:00
Полотов Алмазбек Адылбекович - мэрдин орун басары
Шейшемби, саат 14:00-18:00
Балтабаев Дастан Довранович - апппарат жетекчи
Шаршемби, саат 14:00-18:00
Бөлүм башчылар – Бейшемби, саат 14:00-18:00
СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1
sulukta_mayor@mail.ru
0 3653 50008