Сүлүктү шаарында жер участокторун жеке менчик турак үй курууга берүү тууралуу
14.06.2024
Кароолор: (89)
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сүлүктү шаарынын мэриясы шаар тургундарынан мэрияга түшкөн арыздардын көпчүлүгү жер маселеси боюнча түшкөндүгүн билдирет.
Себеби шаардын аймагында бош жерлер жок болгондугуна байланыштуу аталган маселе эӊ көйгөйлүү болуп турат.
Бүгүнкү күндө 2,0 миӊден ашуун жаран турак-жай куруу үчүн жер алууга кезекте турат. Бул маселе боюнча шаардын башкы планынын долбоору иштелип чыгып, Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарына, Кулунду жана Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүнө Сүлүктү шаарына жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуулар бир нече жолу жөнөтүлгөн. Учурда аталган маселелер Лейлек району тарабынан каралууда.
Жер участокторун жеке менчик турак үй курууга берүү тууралуу айта кетсек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ органдары) кимдерге жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бере алат?
ЖӨБ органдары жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жынысына, расасына, аялуу болушуна, этностук таандыктыгына карабастан, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гана; жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна муктаж катары кезекте тургандарга жана бул жер участокторун алууга мыйзамдуу негиздери бар адамдарга бере алышат.
КР Жер кодексинин 32-беренесине ылайык (Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү), жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жараны ээ болот:
- бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан кем эмес жашаган – Бишкек жана Ош шаарлары үчүн, ал эми башка аймактарда (айылдык аймактарда жана башка шаарларда) – бир жылдан кем эмес жашаган жаран;
- Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок жаран;
- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жок жаран;
- акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган жаран.