СООДА – ӨНӨР-ЖАЙ ПАЛАТАСЫ СҮЛҮКТҮДӨ
15.05.2024
Кароолор: (78)
Кыргыз Республикасынын соода – өнөржай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Абдуллаев Данияр жетектеген топ көмүр өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Анда ишкерликтеги көйгөйлөр жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланып, суроо жооп иретинде жүрдү. Ошондой эле көмүр өндүрүшүн жаңы баскычка көтөрүү, өнүктүрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу пикирлер айтылды.
Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1400дөй ишкана-фирма бар.