,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Нооруз майрамына карата иш-чара

Кароолор: (75)

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Джапарова Назира Махамтакуловнанын жетекчилиги, усулкаана башчысы Намазбаевна Гульнура Мустафаевнанын уюштуруусунда шаардагы М.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин директору  Нурматова Рахиля Исмаиловна жетектеген эмгек жаматтынын жана окуучулар жаматтынын жогорку деңгээлдеги даярдыктары астында “Нооруз” майрамына карата улуттар аралык ынтмакты, биримдикти, дастукту камтыган ай сайын өтүлүүчу шаардык деңгээлдеги семинар шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин жаш мугалимдеринин, ата-энелердин катышуусунда 2025-жылдын 19-мартында өттү. 

          Семинарда мектептин мугалимдери тарабынан кыргыз элинин новатор мугалими Гапыр Мадеминовдун “Ата-энелер мектебинин” негизинде “Үй-бүлө менен китеп окуу”-деген темада ачык тарбиялык саттарды өтүштү жана семинар кыргыз, казак, өзбек, татар, тажик элдеринин саламдашуулары менен башталып, ар бир улуттун тамак-аштары, бийлери, элдик ырлар жана көрүнүштөрдү көрсөтүү менен коштолду.

       Семинарда мектеп жаматты тарабынан даярдалган мектептин жетишкендиктерин чагылдыраган жана кол өнөрчүлүк менен улуттук тамак-аштардын көргөзмөлөрү уюштурулду.