ЛИЦЕЙ АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮН БЕРЕ БАШТАЙТ
15.05.2024
Кароолор: (175)
Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү №2-техникалык лицей жакында айдоочулук күбөлүгүн бере баштайт. Аталган окуу жай 2017-жыл гараж, автодром, талапка ылайык автоунаанын жоктугунан айдоочулук күбөлүк берүү лицензиясынан ажыратылган. Быйыл жергиликтүү бийлик 70 жылдык тарыхы бар билим берүү мекемесине өзгөчө көңүл бөлүп, бир катар долбоорлорду кабыл алды. Алардын катарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен гараж оңдолуп, талапка ылайыктуу автоунаа сатылып алынды. Жобого ылайык, 4 кабинет айдоочулук курсу үчүн жасалгаланды. Андан сырткары 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн колдоосунда кабинеттер видеокамералар менен камсыздандырылды.