,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Энелер күнү менен куттуктоо

Кароолор: (147)

УРМАТТУУ БУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖАРЫГЫ БОЛГОН ЭНЕЛЕР! КЫМБАТТУУ АПАЛАР! СИЗДЕРДИ ӨЗГӨЧӨ ЖЫЛУУ МАЙРАМ – ЭНЕЛЕР КҮНҮ МЕНЕН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН КУТТУКТАЙМЫН!

Энелер күнү биздин жүрөгүбүзгө эң жакын жана эң кымбат, мээрими чексиз жана теңсиз болгон адамдарга – апаларыбызга арналган таасирдүү майрам. Эне болуу – бул чоң бакыт, эбегейсиз жоопкерчилик, талыкпаган эмгек жана камкордук. Биз энебиздин жанында гана өзүбүздү бала кездегидей бактылуу жана бейкапар сезе алабыз. Анын сүйүүсү көтөрө албаган сыноо жок экендигин баарыбыз жакшы билебиз. “Энеликтин” кадырын билип, ар дайым баалай албасак да, чын жүрөктөн жасаган камкордугу, колдоосу, насааттары, мээримдүү жүрөгү, ачык жан дүйнөсү үчүн ыраазыбыз!

Эне үчүн чоочун бала жок экен. Сүлүктүдөгү ар бир апага жолуксаң, өз баласындай мамиле кылат. Дубасын берет. Айланып-тегеренип, Алладан жакшылык тилейт!

Ушул керемет күнү, урматтуу апалар, ыраазычылык, сүйүү жана урматтоо сөздөрүн кабыл алыңыздар. Сиздерге чын дилимден ден-соолук, эбегейсиз энелик бакыт каалаймын. Үй-бүлөңүздөрдө ар дайым жылуулук жана бакубатчылык, бакыт жана кубаныч, сүйүү жана ынтымак өкүм сүрсүн!

Апаларыбыз бар дүйнө тегиз, үй жарык! Бар болсун апаларыбыз! Майрамыңыздар менен!

Болот Абдыжапаров, Сүлүктү шаарынын мэри.