2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылуусу тууралуу маалымат
24.09.2025
Кароолор: (79)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын
((2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
аткарылуусу тууралуу МААЛЫМАТ
Сүлүктү шаарынын мэриясынын
2024-жылдын 18-июлундагы №44
Токтомуна 1- тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны
ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Аткарылышы тууралуу маалымат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1-глава. Коррупцияга каршы мыйзамды өркүндөтүү, аны практикада колдонуунун натыйжалуулугүн камсыздоо | |||||||
| 1 | Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын потенциалын жогорулатуу | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу | 2025-жыл 1-квартал | Окуу системасынын программасынын негизинде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчылары үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында жаңыдан кабыл алынган мыйзам актыларын колдонуу боюнча окуу тренингдери өткөрүлдү | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Талап кылынбайт. | 2025-жылдын 11-январында мэриянын жыйындар залында шаар мэри Б.Ш.Абдыжапаровдун төрагалыгы, КР УКМК Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы С.Т.Каратаевдин катышуусунда 2024-жылдын 25-декабрында Президент тарабынан кол коюлуп күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын коррупцияга каршы курөшүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизиүү жөнүндө” Мыйзамынын талаптары тууралуу маалыматтык жыйын өткөрүлгөн. Жыйынга мэриянын аппарат кызматкерлери, шаар аймагында мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалардын жетекчилери катышып, жыйындын жыйынтыгында ар бир мекеме, ишканада кызматкерлер менен чогулуштарды өткөрүп, аталган мыйзамдын талаптары менен тааныштырып, түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү тапшырылган. 2025-жылдын 4-7-март күндөрү “Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат” темасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга окутуу тренинги өткөрүлгөн. Шаардагы билим берүү мекемелеринде тематикалык лекциялар өтүлүп келет.
|
2-глава. Коррупцияны алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоо | |||||||
| 2 | Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кызматкерлеринин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү | Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу, мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО иштин кадыр-баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктердин болушун төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу | 2025-2027-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо жана системаны жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО бөлүнгөн каражаттардын чегинде мамлекеттик бюджет | Мэриянын муниципалдык кызматчылары арасында коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо жаатында аппараттык кеңешмелердин күн тартибине киргизилип улам түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Коррупцияга каршы аракеттенүү кчөйрөсүндөгү чектөөлөргө макулдук берүү жана кабыл алуу милдеттенмелер толтурулуп келет. КР “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамынын ишке ашыруу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында декларацияларды кабыл алуу жана толтурууга жооптуу кызмат адамы катары аппарат жетекчи бекитилген, декларациялар актуалдуулугуна жараша толтурулуп келет. |
| Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана ЖӨБО ишинде айкындуулукту жана ачыктык принциптерин бекемдөө | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин актуалдуу абалда алып баруу (жаңылоо) | 2025-жыл 1 квартал | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын актуалдуу тизмеси иштелип чыгат жана анын алкагында тийиштүү уюштуруучулук-практикалык иш алынып барылат.
| Мэрия
| Талап кылынбайт | 2025-жылдын 13-февралында мэриянын “Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин жаңылоо жөнүндө” №46-т тескемеси кабыл алынып, мамлекеттик органдарда, мекеме, ишканаларда коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүү тапшырмасы коюлуп, аткарууга алынган.
| |
| Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамын бекитүү | Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бекитилет | Сүлүктү шаарынын мэриясында Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы катары мэриянын юридикалык маселелер боюнча жетектөөчү адиси бекитилген. | |||||
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын жогорулатуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумдун туруктуу принциптерин калыптандыруу | Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого, коррупцияга каршы пландарды түзүүгө, этикалык ченемдерди сактоого, жүрүм-турумдун коррупцияга каршы моделин түзүүгө жана коррупциялык мотивацияны төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды коррупцияга каршы окутуу (квалификациясын жогорулатуу) системасын өнүктүрүү | 2025-2027-жылдар | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Коррупцияны алдын алуу жана жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун типтүү программасы бекитилген. Кызматчылардын 30%дан кем эмесин камтуу менен окутуу тренингдери туруктуу негизде өткөрүлөт | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | 2025-жылдын 4-7-март күндөрү “Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат” темасынд мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга окутуу тренинги өткөрүлгөн. Шаар аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин катышышкан. Окутуу КР МКМКЖӨБ мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн. Мэриянын кызматкерлеринин арасында аппараттык кеңешмелерде кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, болтурбоо, этикалык ченемдерди сактоо жүрүм-турумдун коррупцияга каршы моделин түзүүгө жана коррупциялык мотивацияны төмөндөтүүгө багытталган түшүндүрүү иштери өткөрүлүп келет. | |
3-глава. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу | |||||||
| Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу | Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик каттоо, маалымат берүү менен байланышкан административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | 2025-2027-жылдар | Жол-жоболордун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Жергиликтүү бюджет | Мэрия тарабынан маалымат берүүгө байланышкан иш-чаралар санарип форматта жүргүзүлөт, тургундардын үй-булөлүк абалы тууралуу маалыматтар “Санарип Аймак” АМС аркылуу катталып, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтар жеткиликтүү. | |
| Жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу | Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо жүргүзүү | 2025-2027-жылдар | Ички укуктук актылар аркылуу Коррупцияны алдын алуу чараларын көрүү менен кайрылууларга талдоо жүргүзүүнүн тартиби жөнгө салынды, ал жыл сайын жүргүзүлөт. | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Талап кылынбайт | Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу мэриянын дарегине келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо жүргүзүлүп, бул жаатта кайрылуулар келип түшкөн эместиги аныкталган. | |
4-глава. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү | |||||||
| Бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, контролдоо системасын өркүндөтүү жана финансылык тартипти бекемдөө | 1. Төмөнкүлөргө багытталган бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонууга талдоо жүргүзүү: - бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин бекемдөө, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | Жергиликтүү бюджеттик процесстери тууралуу маалыматтар расмий сайт жана жергиликтүү массалык маалымат каражаты аркылуу жарыяланды. Бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартылды, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугу жогорулады
| Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Жергиликтүү бюджет | Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү тууралуу шаардык кеңештин тийиштүү ченемдик укуктук актысы расмий сайтка жарыяланган, бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүлүп, коомдук талкуу тууралуу маалыматтар социалдык түйүн аркылуу калктын калың катмарына жеткирилип жарыяланган. Бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу багытында жергиликтүү “Шахтер жолу” газетасы, социалдык тармактагы баракчалар аркылуу иш алынып барылат. 2025-жылдын 23-сентябрында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбооруна артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, иш-чараларды түзүү боюнча коомдук угуу өткөрүлгөн. | |
5. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү | |||||||
|
| ||||||
| Улуттук таанымал кызмат адамдарынын (мындан ары - ТКА) бирдиктүү маалыматтар базасын иштеп чыгуу | Улуттук ТКА маалыматтар базасынын бирдиктүү форматын түзүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында ТКА маалыматтар базасынын болушу
| Мэрия | Талап кылынбайт | Мэриянын кызматкерлеринин арасында улуттук таанымал кызмат адамдары тууралуу түшүндүрүү иштери улам жүргүзүлүп келет. Маалымат булагы катары интернет ресурстары пайдаланылат, ачык булактардагы маалыматтар колдонулуп келет. | |
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү | 2. ЖӨБОдо жерди пайдалануу боюнча иштин санариптик эсебин, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик реестрин түзүү | 2025-2026-жылдар | Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууну камсыздоочу жерге жайгаштыруунун санариптик технологиялары ишке киргизилди | Мэрия, Муниципалдык менчик бөлүмү | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет.
| “Санарип аймак” АМСда “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри” жана “Муниципалдык менчикте турган жер участокторун жеке турак-жай курууга жана ижарага берүүнүн кезектүүлүгү”реестрлерине катталуу иштери жүрүүдө | |
| Коопсуздукту башкаруу системасын автоматташтыруу жана өнүктүрүү | Калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган географиялык камтууну жана функционалды кеңейтүү менен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүнү улантуу | 2025-2027-жылдар | "Коопсуз шаар" долбоору географиялык камтууну жана функционалын кеңейтүүдө | Мэрия, шаардык ички иштер бөлүмү | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет.
| Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2024-жылы калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган 13 камера орнотулуп, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө Баткен ОИИБ Кырдаалдык борборуна туташтыруу иштери жүрүүдө, андан сырткары шаар аймагындагы 9 мектеп, 8 бала бакчаларда 188 видеобайкоо жабдыктары орнотулган. | |
| Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу | 2. Мэриянын расмий сайтында мэриянын иши жөнүндө, коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен жарыялоо, жарандардын маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү программалык-маалыматтык камсыздоонун санариптик технологияларын киргизүү, ошондой эле мобилдик тиркемелерди өнүктүрүү. Мэриянын басма сөз кызматы (Шахтер жолу газетасы) аркылуу иш жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу | 2025-2027-жылдар | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, "Коррупцияга каршы аракеттенүү" атайын бөлүгүн маалыматтык толтурууну актуалдаштыруу аркылуу Коррупцияны алдын алуу жаатындагы иштер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо боюнча чаралар көрүлдү. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иши жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө заманбап программалык-маалыматтык камсыздоо жана мобилдик тиркемелер ишке киргизилип, маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынды | Мэрия, “Шахтер жолу” газетасынын редакциясы | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет | 2024-жылдын апрель айынан тартып мэриянын расмий сайты suluktu.gov.kgколдонууга берилип, бүгүнкү күндө мэрия тарабынан аткарылган жумуштар, актуалдуу иш-чаралар жана түрдуу жарыялар, андан сырткары жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук акт - токтомдор расмий түрдө жарыяланып келүүдө. Жергиликтүү массалык маалымат каражаты “Шахтер жолу” газетасы аркылуу жарандардын маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүү боюнча чара катары актуалдуу материалдарды чагылдырылып келүүдө. | |
6-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары | |||||||
| Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу | Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу | 2025-жылдын I кварталы | Мамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБО тарабынан жыл сайын Стратегиялык документтин иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча деталдаштырылган коррупцияга каршы пландуу иш-чаралар бекитилген | Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу максатында мэриянын 2024-жылдын 18-июлунда №44 токтому кабыл алынып, аткаруучулар аныкталып, уюштуруучулук-практикалык иштер жүрүүдө, мекеме,ишканалардан маалыматтар топтолуп келүүдө. | |
| Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо | Стратегияны ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо | 2025-2027-жылдар | Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар мамлекеттин бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет | Шаардык финансы башкармалыгы,Мэрия, Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме, ишканалар | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет | Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо зарылчылыкка жараша ишке ашырылууда. Окутуу тренингдерге, расмий сайттын иштөөсүнө карата каражаттар өз убагын бөлүнүп берилүүдө | |
7-глава. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү | |||||||
| Стратегияны ишке ашыруу процессине системалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүү | Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жооптуу аткаруучулар тарабынан Стратегиядан келип чыккан ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет | Мэрия | Орган үчүн каралган каражаттардын чегинде жергиликтүү бюджет | Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү, отчеттуулуктун ачык-айкындыгын жана бир түрдүүлүгүн амсыз кылуу, анын аткарылышына контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы №547-т тескемесин аткаруу максатында 2025-жылдын 7-июлунда мэриянын “Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө” №248 тескемеси кабыл алынып, аткарууга алынган, ага ылайык мэриянын юридикалык маселелер боюнча жетектөөчү адиси (корруциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) тарабынан маалыматтарды топтоо, аталган стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына ички мониторингдин натыйжалары боюнча корруциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитилген формага ылайык отчет квартал сайын жана жыл сайын (жыйынды) жылдын 25-январынан кечииктирбей берип туруу жагы жүктөлүп, аткарууга алынган. | |
| Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштыруу | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылган | Мэрия | Талап кылынбайт | Ченемдик укуктук актыларга ылайык, тийиштүү формадагы отчет үстүбүздөгү жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен октябрьдын 10числосунда жарыяланат. | |