2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү
29.04.2024
Кароолор: (59)
Сүлүктү шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэр Болот Абдыжапаровдун жетекчилиги алдында коллегия отуруму болуп өттү.
Коллегияга мэрдин орун басары, шаардык жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде Сүлүктү шаарынын 2024-жылдын I кварталындагы экономика жана өнөр жай тармагындагы, социалдык тармактагы натыйжалар, ошондой эле жер мунапысы, чек талап кылуу боюнча шаардык мекеме,ишканалардын ишмердүүлүктөрү талкууланды.