,

Баткен областы, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, 1

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Кароолор: (147)

Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы (8-август 2012-ж.;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 

Тармактагы мыйзамдар:

- КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

- КР Жер кодекси;

- КР Турак жай кодекси

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

- “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • - Жеке арыз;
  • - Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • - Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • - Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • - Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • - Паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди 2024-жылдын 1-июлуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. 

Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.