АППАРАТТЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ
14.05.2025
Кароолор: (107)
2025-жылдын 14-май күнү Сүлүктү шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Болот Абдыжапаровдун жетекчилиги астында кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын алкагында шаар мэри Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Министрлер Кабинетинин тескемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери, буйруктары жана протоколдук тапшырмаларынын негизинде кабыл алынган мэриянын токтом, тескемелерин жана протоколдук тапшырмаларын өз убагында, так аткарууга алуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип өттү.
Жыйындын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
1. Акыркы коңгуроо, окуучулардын коопсуздугу жана коомдук тартиптин сакталышы:
Быйылкы 25-майдагы акыркы коңгуроо иш-чараларын өткөрүүдө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Окуучулардын тоого чыгышына, коомдук тамактануучу жайларда чогулуусуна тыюу салуу боюнча мектеп администрациясына жана укук коргоо органдарына конкреттүү милдеттер жүктөлдү.
2. Элдик жыйынга жана майрамдык иш-чараларга даярдык:
20-майда Раззаков шаарында өтө турган элдик жыйынга активдүү катышуу жана уюштуруу иштери боюнча даярдык маселеси талкууланды. Мындан тышкары, Энелер күнүн белгилөө, жаңы социалдык объекттерге (И.Бектемиров атындагы мектепке) капсула салуу жана жаңы мечиттин ачылышын уюштуруу маселелери көтөрүлдү.
3. 1-июнь – Балдарды коргоо күнү:
1-июнга карата белгилене турган “Балдарды коргоо күнүнө” арналган 15 күндүк иш-чаралардын планы бекитилип, тиешелүү мекеме-уюмдарга уюштуруу иштерин сапаттуу аткаруу тапшырылды.
4. Жарым жылдык жыйынтыктар:
Жарым жылдык көрсөткүчтөр талданып, жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр талкууланды. Алдыдагы милдеттер белгиленип, отчеттук иштерди ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кошумча каралган маселелер:
• Жарандардын турак үйлөрүн жана автоунааларын камсыздандырууну жигердүү жүргүзүү;
• Кызамык оорусунун жайылышына бөгөт коюу жана эмдөө иштерин күчөтүү;
• Шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу, айрыкча сай жана арыктарды тазалоо иштерин күчөтүү тапшырылды.
Жыйын жыйынтыгында бардык жетекчилерге тиешелүү милдеттер жүктөлүп, көзөмөл күчөтүлөрү баса белгиленди.